“Хабар” Агенттигинин өкүлдөрү карылар үйүндөгү айымдарды куттукташты

“Хабар” агенттигинин кызматкерлери борбордогу карылар үйүндөгү айымдарды куттукташты. Аялдардын Эл аралык күнүнө карата алып баруучулар, операторлор, редакторлор, журналисттер атайын майрамдык маанай тартуулашты.

“Хабар” агенттиги башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Ринат Кертаев телеканалдардын негизги көрүүчүлөрү айымдар экенин белгилеп өттү. Программаларды даярдоодо чыгармачыл топ алардын кызыкчылыктарын эске алат. Бүгүн ал студияда эмес, сахнада иш алып барды.

РИНАТ КЕРТАЕВ,  “ХАБАР” АГЕНТТИГИ АО БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Биз агентство, холдинг катары ар дайым айымдар аудиториясына өзгөчө көңүл бурабыз. Анткени биздин көрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү - бул  сүйүктүү айымдар. Биздин контенттин көпчүлүк программалары, сериалдары, атайын долбоорлору негизинен аялдардын аудиториясына багытталган. Бул биз үчүн чоң жоопкерчилик.

Фото: khabar.kz