«Kazakh TV» телеканалында жаңы сезон

Kazakh TV телеканалында жазгы жаңылануу. Телеканалда жаңы телевизиондук сезон башталды. Салт боюнча ал күтүлбөгөн кызыктарга, ачылбаган сырларга  жана кереметтү ачылыштарга толгон.  Мурдагыдай эле  көрүүчүлөрдүн көңүлүнө өзгөчө автордук, маданий-агартуучулук жана документалдык долбоорлор сунушталат. Бирок бул жолу алар жылдын башкы мааракелери болуп саналган – Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгына, аль-Фарабинин 1150 жылдыгына жана Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналат. Алардын арасында "Талаа сөзү","Reflection on history", “Биздин Жеңиш" жана "Мекендештер" долбоорлору бар.

МАЙЯ БЕКБАЕВА, «KAZAKH TV» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Талаа сөзү долбоорунда биздин белгилүү инсандарыбыз маданият, театр, кино, эстрада жылдыздары Абай Кунанбай уулунун ырларын быйылкы жылдын «Reflection on history» алкагында окуйт. Негизинен бул сезон Абайга арналат. Мекендештер долбоорунда Абайдын өмүрү менен байланыштуу бардык нерсе камтылган. Белгисиз маалыматтар, анын каттары, жеке жашоосу, анын казак интеллигенциясына кошкон салымы, ошондой эле, башка өлкөлөрдөн өзүнүн тарыхый мекенине кайтып келген казакстандыктарга арналган. Азыр алар кандай жашап жатышат? Эмнеге жетишти? Алар өлкөгө кандай пайда алып келүүдө? Мунун баары “Мекендештер” долбоорунда. “Биздин жеңиш” долбоорунда ардагерлер тууралуу баяндалат. Башкача айтканда, көзү тирүү ардагерлердин согуш талаасындагы эскерүүлөрү дал ушул долбоордо камтылган. Менин оюмча, мунун баары коомчулуктун көңүлүн бурдурат.

Фото: informburo.kz