Ишкер аялдарга арналган «ALTYN OIMAQ» сынагы өтүүдө

Улуттук брендди жайылтуу. Ишкер аялдарына арналган «ALTYN OIMAQ» долбоорунун көздөгөн максаты ушул. Ата мекендик дизайнерлер арасындагы сынак өлкөдө ушуну менен экинчи ирет өткөрүлүүдө. Айта кетсек, Казакстанда жеке ишин илгерилетип жаткан аял кишилердин саны көбөйүп келет. Серепчилердин баалоосу боюнча, республика дүйнө жүзү боюнча ишкерлик кылган аялдар санынын үлүшүнө 49 пайыз туура келет. Алар негизинен соода, айыл чарбачылыгы, өнөр жай менен чакан жана орто бизнес тармактарында эмгектенишет. «Ата мекен» улуттук ишкерлер палатасынын ишкер аялдар кеңешинин төрайымы Ляззат Рамазанованын айтымында, былтыр Азия өнүктүрүү банкы менен биргелешип аялдар ишкерлиги боюнча билим берүү программалары ишке кошулду. Өлкөнүн 11 аймагында семинарлар уюштурулду. 500дөн ашык айыл тургуну билим алды. Аны менен катар электрондук каталог иштелип чыкты.

ЛЯЗЗАТ РАМАЗАНОВА, «АТАМЕКЕН» УЛУТТУК ИШКЕРЛЕР ПАЛАТАСЫНЫН ИШКЕР АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН ТӨРАЙЫМЫ:

- Бириккен улуттар уюму менен биргелешип отуруп, казакстандык аялдар өткөн жылы «Аялдар бизнесине арналган 100 идея» аттуу онлайн-каталог жасап чыгарды. Анда аялдар өз үй-бүлөсүнөн тышкары жерде иштей ала турган бизнестин түрлөрү топтолгон. Бул коомдун белгилүү бир бөлүгү жумуш менен камсыздалып жатат дегенди билдирет.

Фото: www.lada.kz