Коронавирус: Казакстанда мерчемделген ири эл аралык мелдештер өткөрүлбөйт

Коронавирус: Казакстанда мерчемделген ири эл аралык мелдештер өткөрүлбөйт

Казакстанда мерчемделген ири эл аралык мелдештер өткөрүлбөйт Мындай чечим өкмөт тарабынан кабыл алынды. Дүйнө жүзү боюнча коронавирустук инфекциянын таралышы буга себеп. Спорттук карантин бери дегенде бугу айына чейин уланат. Бул азыркы учурда чет мамлекеттердеги биринчиликтерде багын сынап жүргөн спортчуларга тиешелүү эмес. Алар өлкөгө кайтып келгенден кийин медициналык текшерүүдөн өтүшөт.

РАУХАН ТУГЫМБАЕВА, КРНЫН МСМ СПОРТ ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯ ИШТЕРИ КОМИТЕТИНИН БАСМА СӨЗ КАТЧЫСЫ:

- Казакстандын маданият жана спорт министрлиги коронавирустук инфекциянын дүйнө жүзүндө жайылышына байланыштуу 2020-жылдын биринчи жарым жылында Казакстандагы чет элдик жарандардын катышуусу менен эл аралык мелдештерди кийинкиге калтыруу чечимин кабыл алды. Мындан тышкары, коронавирус катталган мамлекеттерге спорттун түрлөрү боюнча спортчуларды жибербөөгө жана коронавирусту жугузуунун алдын алуу максатында башка өлкөлөргө сапарга чыгууну токтотууга кеңеш берет.

Ал эми теннисчилер  бул буйрук чыкканга чейин келишкендиктен, Дэвис кубогу план боюнча өтөт. Бирок көрүүчүлөрдүн саны аз болушу мүмкүн, - дешет теннис федерациясынын өкүлдөрү. Эскерте кетсек, борбордогу билим берүү башкармалыгы балдардын катышуусунда иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизүүнү сунуштады. Мындан тышкары, ата мекендик жогорку окуу жайлары аралыктан окутууга өтүшү мүмкүн.

СЕРГЕЙ ПЕН, НАРИКБАЕВ АТЫНДАГЫ КАЗГУ УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОВОСТУ:

- Биз толугу менен онлайн-форматта аралыктан аны ишке ашырууга даярбыз. Эмне үчүн биз муну жасоого даярбыз, анткени бизде үчүнчү жылы катары менен атайын платформа иштейт. Талкууну Биз табигый жол менен онлайн түрдө чыгарабыз.

Фото: vrk.news