Нур-Султанда туризмдин үч багыты өнүктүрүлөт

Өткөн жылы Нур-Султан шаарына миллионго жакын турист келген. Анын үчтөн бирин чет элдик саякатчылар түзөт. Бул 2018-жыл менен салыштырганда 15 пайызга көп. Башкы шаардын бүгүнкү кооздугун көрүүгө кызыккандардын арасында Кытай, Орусия, КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынын катары калың. Борбордо сырттан келген коноктор эс алуусун натыйжалуу өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Каалоолоруна ылайык, жаңыдан түзүлгөн 15 туристтик багыттын ар бирин тандап, экскурсиялык автобустар, мобилдик тиркемелер менен маалымат-күркөлөрүнүн кызматын болушунча пайдалана алышат.

ГАЛЫМЖАН КАРИМОВ, НУР-СУЛТАН ШААРЫ АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Бизге келген туристтер үчүн атайын «City pass» долбоору ишке ашырылып жатат. Бул – туристтерге арналган карточка. Ал бир катар объектке кирип, кыдырып чыгууга мүмкүндүк берет. Red Bus (Ред Бас) туристтик автобустарынын багытындагы 128 кооз объект менен имаратка эшигин ачат. Жалпысынан «City pass» картасынын эки түрү бар. Анын бири 24, кийинкиси 72 саатка арналган. Ошондой эле, izi.travel тиркемеси аркылуу жөө жүргүнчүлөр багытын тандоого болот. Ал оффлайн режиминде иштейт. Мындан сырткары, анын 30 жакын дүйнө тилинде жазылган аудио экскурсиясы бар.

Жалпысынан Нур-Султан шаарында адаттагыдай туризмдин ишкерлик, шаардык жана медициналык багыттарын жигердүү түрдө өнүктүрүү пландалууда.

ГАЛЫМЖАН КАРИМОВ, НУР-СУЛТАН ШААРЫ АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Бизде азыр медициналык туризм динамикалык түрдө өнүгүп жатат. Шаарыбыздагы ооруканалар жакшы жабдылган. Чет өлкөдө өнүккөн клиникалардан кем калышпайт. Казакстанда жети медициналык мекеме джей-си-ай аккредитациясынан өттү. Алардын 6 Нур-Султан шаарында жайгашкан. Медициналык багытта келген туристтерди бизде кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы кызыктырат. Баасы арзан болсо да, сапаты жогору. Алдыңкы үлгүдөгү жабдыктар менен камсыздалган.

Серепчилердин пикиринде, Казакстандын башкы шаарынын туристтик дарамети толук ачыла элек. Ал үчүн жасалып жаткан аракеттер бар. Борбордун мейманканалары үч миллион туристти батыра алат. Буга кошумча Нур-Султан шаарында 80ден ашык жатакана иштейт. Алардын бардыгы европалык стандарттарга ылайык кызмат көрсөтөт. Саякатчылар үчүн тандоо бар.

ТИЛЕУЖАН ӨМИРУЗАК, ТУРИСТ:

- Бул шаар бизнес-чөйрө үчүн абдан жагымдуу. Мен бизнес боюнча көп келип турам. Ошондой эле, үй-бүлөм менен жыл сайын жайында бул жакка келүүгө аракет кылабыз. Борбор жыл сайын кооздолуп, гүлдөп жатат. Кооз объекттердин саны өсүүдө. Ар кандай деңгээлдеги түрдүү спорттук-маданий иш-чаралар өткөрүлүп турат. Ишкердик сапардын өзү эле эс алууну элестетет. Соода борборлору көбөйгөн. Ошондой эле, маданий жерлер, театрларга барып жогорку деңгээлде эс алууга болот.

Адистердин айтымында, бул багыттарды өнүктүрүү аркылуу туристтердин келишин жогорулатуу, андан соң Нур-Султан шаарынын туристтик дараметин аймактык деңгээлде арттыруу көздөлүп жатат.

Фото: 365info.kz