Нур-Султанда Индия токуусунун көргөзмөсү өтөт

Индиянын бир бөлүгү Нур-Султанда. Казакстандын улуттук музейинде салттуу индия токумасынын көргөзмөсү өтөт. Иш-чара Махатма Гандинин 150 жылдыгына арналат. Шаар тургундары менен конокторунун көңүлүнө Индиянын улуттук кийими – саринин 30дан ашык түрү сунушталат. Алардын ар бири өлкөнүн ар кайсы аймагынын маданияты менен салтын чагылдырат. Көргөзмөнүн өзү буга чейин борбордо күзүндө тааныштырылган экспозициянын уландысы болуп саналат. Ал кездегидей иш-чаранын алкагында чеберлердин муундан-муунга өтүп келген жана Индияда бүгүнкү күнгө чейин сакталган салттуу токуманын сырларын ачкан чеберчилик сабактарынын топтомосу өтөт. Иш-чара маданият жана спорт министрлиги жана Казакстандагы Индия элчилигинин колдоосу менен уюштурулат.

ПРАБХАТ КУМАР, ИНДИЯНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ТОЛУК ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

- Мен сиздерди Сари көргөзмөсүн көрүүгө чакырам. Ал улуттук музейде жалган куран айынын 3-15 аралыгында өтөт. Аны менен катар, бардык айымдарды келе жаткан майрамы менен куттуктайм. Анткени бул көргөзмө эл аралык аялдар күнүнө арналат. Ошондой эле, жалган курандын 10да Холи фестивалы өтөт. Бул Индия боёгунун фестивалы. Көргөзмөдө индия сарилеринин түрү сунушталат. Ошондуктан байыркы индия маданияты менен таанышууга чакырам.

Фото: elorda.info