Минскте Абайдын чыгармачылыгы тааныштырылды

Минскте Абайдын чыгармачылыгы тааныштырылды

Беларусь борборундагы эл аралык китеп жармаңкесинде улуу Абайдын чыгармачылыгы тааныштырылды. Быйыл анын чыгармалары өзгөчө көңүл борборунда. Анткени экспозицияга биринчи жолу беларусь тилине которулган басылмалар коюлду. Бул Микола Метлицкийдин эмгеги. Ал аталган ишти жогорку деңгээлде аткарып, окурман коомчулугунун жогорку баасын алды.

АСКАР БЕЙСЕНБАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН БЕЛАРУСЬ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ТОЛУК ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

- Абайды окуп жатып, керектүүлүгү эч качан жоголбой турган баалуулуктарды байкайбыз. Адамзаттын болмуш, тарбия, билим, илим жөнүндө айткан ойлору азыркы күндө да маанилүү. Ал жалаң казак элине эле эмес, дүйнө жүзүнө өчпөс из калтырды.

АЛИХАН МУСАТАЕВ, ПРОДЮСЕРДИК БОРБОРДУН МҮДҮРҮ:  

- Казак элинин маданиятына кызыгуу билдиргендер көп. Биздин борборго өлкөбүздүн атайын ырчыларын издеп келгендер бар. Тематикалык кече уюштурууну каалашат. Ал эми акындардын китептерин атайын тапшырык менен алдыртат.