Жалган куран айынын бири “ыраазычылык айтуу” күнү

Жалган куран айынын бири өлкөдө жашап жаткан бардык этностор бири-бирине рахматын айта турган күн. Айрыкча кыйын-кысталыш заманда жер которуп келген түрдүү улут өкүлдөрү чыдамдуулук менен өзгөчө меймандостугун көрсөткөн казак журтуна ыраазычылыгын билдире турган маараке. Казакстандын Туңгуч Президенти, Эл Башы Нурсултан Назарбаев дал ушул күндү «ыраазычылык айтуу» күнү деп бекеринен жарыялаган эмес. Жалган куран айынын бири – 100дөн ашык улут менен улустун башын биримдик менен ынтымакта кармап келе жаткан Казакстан Элдер Ассамблеясынын түзүлгөн күнү. Ассамблея төрагасынын орун басары быйыл «ыраазычылык айтуу» мааракесинин өзгөчөлүктөрүн атап өттү.

ЖАНСЕЙІТ ТҮЙМЕБАЕВ, КАЗАКСТАН ЭЛДЕР АССАМБЛЕЯСЫ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Ар бир айтылуу күндөрдүн өзүнүн мааниси болот. Ал эми «Ыраазычылык айтуу» күнүнүн өзүнүн өзгөчөлүгү - бул эң башкысы өлкөдө жашап жаткан түрдүү этностордун өз ара биримдиги, ынтымагы, таттуу мамилеси. Быйылкы жылдын «рахмат айтуу» күнүнүн дагы бир өзгөчөлүгү бул – казак элинде бизге келген көрүнүктүү улут өкүлдөрүнүн ыраазычылыгы. Ал казакча керемет жазган, казак адабиятына эмгеги сиңген Герольд Бельгер немис жазуучусунун эмгеги. Бул сыяктуу улуу инсандарга өзүбүздүн ыраазычылыгыбызды айтуубуз керек.

«Ыраазычылык айтуу» күнү расмий түрдө быйыл 4-жолу майрамдалат. Бул убакыт аралыгында этно биримдиктер түрдүү кайрымдуулук акцияларын уюштурууну салтка айландырган.

ШЕРЗОД ПУЛАТОВ, КАЗАКСТАН ЭЛДЕР АССАМБЛЕЯСЫ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Этно маданий бирикмелердин өздөрүнүн колдору менен жасалган буюмдар болсун, улуттук тамак-аштар, башка да заттарды алып келип, сатылган буюмдардын акчасын чогултуп шал оорулары менен, онкология менен ооруган балдарга, жаштарга акчалай жардам беребиз. Ыраазычылык деген ал жөн гана сөз эмес, иш менен көрсөтүлүүгө тийиш.

НИКОЛАЙ ШЕПЕЛЮК, РЕСПУБЛИКАЛЫК «ЛАД» СЛАВЯН КЫЙМЫЛЫ АСТАНА ФИЛИАЛЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Биздин тарыхый мекенибизде тилекке каршы мындай маараке жок. Деген менен Казакстанда бул майрам чоң деңгээлде белгилегендиктен, биздин коңшуларыбыз, Орусия Федерациясы болсун, Кыргызстан же Кытай болсун, алар бардыгын угуп, билип, көрөт. Биз да өз кезегибизде туугандарыбызга, досторубузга, өнөктөштөрүбүзгө бизде ушундай маараке бар экендигин айтабыз. Кандай иш-чараларга катыша турганыбыз менен бөлүшөбүз. Албетте ошентип кызыгууну ойготобуз.

Айта кетсек, Казакстан Элдер Ассамблеясынын уюштуруусу менен дал ушул күнү өлкөнүн бир катар аймактарында түрдүү маданий жана оюн-зоок программалар уюштурулат.

Фото: otyrar.kz