Борбордо Жеңиштин 75 жылдыгына карата ыктыярчылык кыймылдар өтөт

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө алкагында Каспийдин жээгиндеги өлкөлөр ыктыярчылар кыймылдардын күч-аракетин бириктирүүгө кызыктар. Казакстан менен Орусиянын серепчилери Нур-Султанда өз ара кызматташтык кандай жүзөгө аша турганын талкуулашты. Мындан сырткары, “Каспий-Евразия” Астрахань борборунун жетекчиси Ксения Тюренкованын айтымында, Орусия коңшулаш республикалары менен 2018-жылы Орусияда ыктыярчылар жылы алкагында уюштурулган долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр. Айта кетсек, ал кезде Орусияда ыктыярчылар кыймылын өнүктүрүү боюнча лидерлеринин бири Астрахань облусу болгон. Анда ондогон программа ишке кошулуп, активисттердин саны 16 миңден ашкан.

КСЕНИЯ ТЮРЕНКОВА, “КАСПИЙ-ЕВРАЗИЯ” ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА КООМДУК, САЯСИЙ ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- 2020-жыл Казакстан менен Азербайжанда ыктыярчылар жылы деп жарыяланды. Жалпысынан изденүүчүлөр, издөө кыймылдары менен аскерий патриоттук уюмдар ыктыярчылыкты же ыктыярчылык уюмдардын бир түрү болуп саналат. Бизде Орусия Федерациясында, Орусия Федерациясынын издөөчүлүк кыймылдары уюмдарында казакстандык издөөчүлөр менен өз ара иш-аракет жана кызматташууга чоң кызыгуучулук бар. Менин оюмча, издөө кыймылы - бул да кызматташууга жакшы мүмкүнчүлүк болуп берет. Биз мында ысымдарды кайтаруу, каза болгондордун ысымдарын сактоо тууралуу айтуудабыз. Бул чоң апаатты баштан кечирген жана бул Улуу Жеңишти өз көзү менен көрүп, колу менен сезген бардык адамдар үчүн абдан маанилүү.

Фото: zakon.kz