Өлкөдө суу ташкынын болтурбоо үчүн алдын алуу чаралары көрүлөт

Быйыл өлкөдө жаз мезгили өткөн жылга салыштырмалуу 2-3 аптага эрте келет. Күндүн жылуусу менен катар суу ташкыны коркунучуна карата тийиштүү кызматтар даярдыкты күчөттү. Бул тууралуу өкмөттө өткөн атайын брифингде РКнын ичти иштер министринин орун басары Юрий Ильин маалымдады. Ошондой эле, ал Акмоло, Чыгыш Казакстан, Караганды, Костанай, Павлодар жана Түндүк Казакстан облустарында коркунуч бар экенин эске салды. Жергиликтүү аткаруучу органдар калктуу конуштардан 8,8 миллион чарчы метрден ашык карды тазалаган. Мындан сырткары, инерттүү материалдар, кум салынган баштыктар менен жардыргыч заттар даярдалды. Ал эми суу каптоо учуру каттала турган болсо эвакуациялана турган элди кабыл алган 1707 бекет иштелип, каттамдар жаңыртылып, керектүү транспорт каралган. Тармак башчысынын орун басары чукул кырдаал орун алган учурда сактануу чаралары менен керектүү заттардын тизмесин да белгиледи.

ЮРИЙ ИЛЬИН, РКНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз белгилеп көрсөткөн болжол ал бирдин айынын бириндеги кырдаал боюнча түзүлгөн. Бул болжолго таянып, биз эл үчүн белгилүү бир кооптуу жагдай бар аймактарды аныктадык. Бул 600дөн ашык калктуу конуш, анда жазгы суу ташкындын пайда болуу коркунучу жогору. Толугураак маалыматты Казгидромет жана менин кесиптештерим жалган куран айынын биринде беришет. Ал эми биз ошол маалыматтарга ылайык, андан ары өз иштерибизди улантабыз. Ошондой эле, суу каптоо коркунучу орун алган абалда өз жарандыгыбызды ырастаган документ менен эвакуация учурунда керектүү делген заттарды чогуу алууга биз ар дайым кеңеш беребиз.

Фото: inbusiness.kz


×