Bek Airден жапа чеккен жүргүнчүлөргө мамлекет тарабынан жөлөк пул толук төлөндү

Bek Airден жапа чеккен жүргүнчүлөргө мамлекет тарабынан  жөлөк пул толук төлөндү

Bek Air авиакомпаниясына таандык учак апаатынан жапа чеккен 52 жаранга мамлекет тарабынан жөлөк пул толугу менен төлөнүп берилди. Бул тууралуу жарандык авиация комитетинин төрагасы Талгат Ластаев маалымдады.

ТАЛГАТ ЛАСТАЕВ, ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Жапа чеккен 52 жаранга мамлекет тарабынан төлөмдөр толугу менен берилди. Алар өздөрүнө тиешелүү каражатка ээ болду. Ал эми азыркы күндө камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү мерчемделүүдө. Камсыздандырууга байланыштуу кененирээк токтоло турган болсом, бул бардык тиешелүү документтерди чогултууга байланыштуу берилет. Бардык документтер чогулган соң камсыздандыруу компаниясы толугу менен керектүү сумманы төлөп берүүгө милдеттүү. Биз бул маселени көзөмөлгө алабыз.

Мындан мурун Bek Air аяк оона-тогуздун айларында кайра ишке кошулуусу мүмкүн деген маалымат тараган. Буга байланыштуу түшүндүрмө берген комитет төрагасынан айтымында, акыркы чечимди Казакстандын авиациялык администрациясы кабыл алат.

ТАЛГАТ ЛАСТАЕВ, ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Азыркы учурда Bek Airди инспекциялык текшерүү толугу менен аяктады. Белгиленген жол-жоболорго ылайык, компаниянын жаңы мерчемдерди түзүүгө жана иш-аракеттерин түзөтүүгө укугу бар. Башкача айтканда, эгерде айтылган эскертүүлөргө түзөтүүлөр киргизилип, ал канааттандырылган болсо, анда авиакомпаниянын жарым жыл ичинде кайра ишин баштоого мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде жарым жыл ичинде көрсөтүлгөн эскертүүлөр жүзөгө ашырылбаса, анда артка кайтаруу жараяны башталат. Бул жерде тактап кете турган жагдай, эскертүүлөргө түзөтүүлөрдү киргизүү жүрүшүндө компаниянын кызмат көрсөтүүгө эч кандай укугу жок.

Фото: neonomad.kz