Түндүк Казакстан облусунда алгыр куш жана мергенчилердин республикалык чемпионаты өтүп жатат

Кансонарда бүркүтчүлөр аңчылыкка чыгышты. Түндүк Казакстан облусунда алгыр куш жана мергенчилердин республикалык чемпионаты өтүп жатат. Ага өлкөнүн 13 аймагынан 50 дөн ашык мүнүшкөр катышууда. Үч күндүк мелдеште колго үйрөтүлгөн куштардын алгыр-шамдагайлыгы сыналат. Мелдештин талаптарына ылайык, катышуучулар куштарды колго кондуруу боюнча, ал эми бүркүттөр эркин учуу боюнча жарышат. Ошондой эле, аларды коён менен түлкүгө салуу өнөрү да көрсөтүлөт.

САМГАТ ГАЛЫМ, БҮРКҮТЧҮ

-Бул байыркы ата-бабаларыбыздан калган улуу мурас. Улутубуздун баалуулугу. Мындай мелдештин өтүп жатканы абдан жакшы. Келечек муундар үчүн бул маанилүү деп ойлойм. Биздин казак улутубуздун өзөчөлүгү дал ушунда.

БАЗАРБЕК КҮНТУГАНУЛЫ, БҮРКҮТЧҮЛҮК БОЮНЧА КАЗАКСТАНДЫН УЛУК МАШЫКТЫРУУЧУСУ

-Казакстандын бир нече облустарында улуттук спорт түрлөрүнүн ичинде бүркүт салуу бөлүмү ачылды. Абдан жогорку деңгээлде өтүп жатат. Быйыл 2020-жылы Чыгыш Казакстан облусунда ачылды. Маңгыстоо облусунда да бул бөлүмү ачылды. Эми быйыл түндүктө.