Казакстанда 50 багытта космостук мониторинг жүргүзүлөт

Жерди аралыктан байкоо системасы боюнча өлкөдө 50 багытта космостук мониторинг жүргүзүлөт. Мамлекеттик чек ара, айдоо аянттары, жайыттар, жер тилкелерин талдоо, токойду тилсиз жоодон көздүн карегиндей сактап, өрттүн алдын алуу жана мыйзамсыз токойлорду кыюу фактыларын аныктоо максатында спутниктик байкоо жүргүзүлөт. Өткөн жылы бул маалыматтардын негизинде өлкөнүн агро өнөр жай комплексинин санариптик картасы иштелип чыккан. Жыйынтыгында 33 миллион гектардан ашык айдоо аянттары санариптик системага келтирилди.

БАУБЕК ОРАЛМАГАМБЕТОВ, РК САНАРИПТИК ӨНҮГҮҮ, ИННОВАЦИЯЛАР ЖАНА АЭРОКОСМОС ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН АЭРОКОСМОС КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Санариптештирүү жараянына эң алды менен биздин жерди аралыктан байкоо космостук системасы жигердүү түрдө ат салышып келет. Ал бир метр аралыкты таамай көрүүгө мүмкүндүк берген үч  спутниктен турат. Бир метрлик уруксат «KazEOSat-1», 6,5 метрге чейинки орточо деңгээлде «KazEOSat-2» жана 18 метрге чейинки көрүү мүмкүнчүлүгү бар KazSTSat деп аталган спутниктер. 2019-жылы биз 32 тармактык багытта кызмат көрсөттүк. Биринчи кезекте ал натыйжасыз пайдаланган жерлерди аныктоо. Колдонулбаган жерлерге жүргүзгөн спутниктик мониторингдин аркасында кадастрдык наркы 145 миллиард теңгени түзгөн жерлер мамлекеттин фондуна өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле, жыл сайын жогорку космостук технологияларды колдонуу менен катуу турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк калдыктар боюнча маалыматтар иреттелет. Бул негизде таштандыны жоюу боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

БАУБЕК ОРАЛМАГАМБЕТОВ, РК САНАРИПТИК ӨНҮГҮҮ, ИННОВАЦИЯЛАР ЖАНА АЭРОКОСМОС ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН АЭРОКОСМОС КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Биз жалаң эле космостук сүрөттөрдү сунуштабайбыз. Кайра иштетилип, талданган маалыматтар менен камсыз кылабыз. Мисалы, катуу турмуш-тиричилик калдыктары боюнча 17 ири шаардын айланасынан 9 миң мыйзамсыз таштанды жерлерин аныктадык. Бул инспекторлордун жумушун жакшыртты.

Фото: rg.ru