«Bek Air» кырсыгы: жүк жүктөөдө норма бузулган эмес

«Bek Air» кырсыгы: жүк жүктөөдө норма бузулган эмес

«Bek Air» компаниясынын Фоккер-100 учагынын кырсыкка кабылганына эки айдын жүзү болсо да так себеби али аныкталбай жатат. Ошентсе да аба кемесине жүк жүктөөдө эч кандай норманын бузулбаганы аныкталды. Мамлекет аралык авиация комитети компьютердик графика менен кырсыктын мезгилин көрсөттү. Видео роликте учактын Алматы абай майданынан учуп чыгып, 6 метр бийиктикке көтөрүлүп, кийин сол канатына 5 градуска, андан кийин оң жакка 19 градуска кыйшайганы көрсөтүлгөн. Аба кырсыгын тергөө боюнча комиссиянын төрагасы Канат Түсипбеков тергөөнүн качан аяктаарын айткан жок., бирок себептери тактала түштү дейт. Башында кырсыктын 4 себеби айтылган.

ВИКТОР СОРОЧЕНКО, МАМЛЕКЕТ АРАЛЫК АВИАЦИЯ КОМИТЕТИНИН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Мен учак кырсыгынын эки гана себебин көрүп жатам. Алар: канаттарынын запкы жеши, бузулуусу, көтөрүү жөндөмдүүлүктөрү төмөндөшү же муз тоңуу. Комиссия  авиациялык окуя орун алгандан кийин аба кемесин карап чыгып, канаттарынын жапа чекпегенин аныкташты. Мен тажрыйбама таянып айта турганым, мындан башка себебин көргөн жокмун. Ошондуктан биз учак канаттарына муз тоңгон деген нускага эң биринчи кезекте маани беребиз.  

Фото: sputniknews.kz


×