“Химиялык заттарды жөнгө салуу, Казакстан дараметин бекемдөө” пилоттук долбоору ишке кошулду

Казакстанда химиялык заттарды рационалдуу пайдалануу системасы жолго коюлат. Бул максатта БУУнун Өнүктүрүү программасы «Химиялык заттарды жөнгө салуу, Казакстан дараметин бекемдөө» аттуу долбоорду ишке кошту. 2019-жылдан баштап колго алынган долбоор үч багытта иштейт. Анын биринчиси министр, вице-министрлер жана тармак башчыларын эл аралык мыкты тажрыйбанын негизинде окутуу, экинчиси РКнын Экологиялык кодексинин Парламентте талкууга алынган химиялык калдыктарды жөнгө салуу жана натыйжалуу пайдалануу. Ошондой эле, химиялык заттар менен иштөө жүрүшүндө эң мыкты технологияларды пайдалануу үчүн аянтчалар тандалат. Долбоорду иштеп чыгуучу адистердин айтымында, программа Казакстанда 2 жылдын ичинде ишке ашырылат жана ал үчүн 300 миң доллар суммасында каражат бөлүнгөн.

АРМАН КАШКЫНБЕКОВ, РК БУУӨП УРБАНИЗАЦИЯ ЖАНА ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШЧЫСЫ:

- Бул химиялык заттарды кандай башкарууга жана андан эмне кылууга боло турганын жакшы түшүнүү керек. Ошондуктан биз бул долбоорду үч министрлик менен биргелешип ишке ашыруудабыз. Бул Саламаттыкты сактоо министрлиги, Экология, табигый ресурстар жана геология министрлиги, Тышкы иштер министрлиги. Аталган долбоордун негизги максаты - Казакстандагы БУУ ишке ашыра турган башка да бардык долбоорлор сыяктуу – бул туруктуу өнүгүү. Туруктуу өнүгүү дегенибиз эмне? Ал деген туруктуу түрдө элдин саламаттыгына кам көрүү дегенди билдирет.

Фото: ehonews.kz