Маңгыштоодо сөксөөл отургузуу иштери улантылат

«Кошкар Ата» калдык сактоочу жайынын айланасына сөксөөл отургузуу быйыл да уланат. Бул жумуштар Маңгыштоо облусунда акыркы беш жылдан бери системалүү түрдө жүргүзүлүп келет. Максат – шамалдуу күндөрү кампадан көтөрүлө турган радиоактивдүү чаңдардын эл жашаган конуштарга таралуусун төмөндөтүү. Азыркы тапта жалпы көлөмү 88 гектарга сөксөөл көчөттөрү эгилди. Эми жакынкы арада 150 гектар аймакка жашыл көчөттөрдү отургузуу иштери башталат.

ДҮЙСЕН КУСБЕКОВ, ТАБИГЫЙ РЕСУРСТАР ЖАНА ТАБИЯТТЫ ПАЙДАЛАНУУНУ ЖОЛ-ЖОБОЛОШТУРУУ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Жашыл аймактарды куруу экспериментин биз 2015-жылы ишке кошконбуз. Ал кезде сөксөөлдү 8 гектарга эккенбиз. Бадалдар абдан жакшы ыңгайлашып кетти. Ошондуктан ушул жылы да жашыл көчөттөрдү отургузуу жараянын улантууну мерчемдеп жатабыз.

Фото: mangystaumedia.kz