Каспий тюлендери окумуштуулардын назарында

Каспий тюлендери окумуштуулардын назарында

Каспий тюлендеринин саны канча? Казакстан – Орусия окумуштуулары бул суроонун жообун аныктоо максатында биргелешкен иштерди баштады. Биргелешкен илимий изилдөө иштеринин жүрүшүндө суу жаныбарынын саны эле эмес, анын жашоосу, көбөйүүсү эске алынат. Адистер Каспий тюлендерин атайын фото-видео камералардын жардамы менен көзөмөлдөйт. Изилдөө иштерине Казакстандын балык чарбачылыгы илимий-изилдөө институту, Казакстан колдонмо экология агенттигинин адистери жана орусиялык ихтиолог-илимпоздор катышууда. Айта кетсек, 2012-жылкы эсеп боюнча Каспий деңизинин Казакстан тармагында 100 миңден ашык тюлендер топтолгон. Ал эми орусиялык адистер 370 миңге жакын деңиз жаныбарынын эсебин алышкан.

ФЕДОР КЛИМОВ, КАЗАКСТАН КОЛДОНМО ЭКОЛОГИЯ АГЕНТТИГИ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Жалпы санынын жыйынтыгы теке айында чыгат. Бул абдан татаал иш. Биз бир апта бою тюлендердин төлдөөсүнө көз салдык. Быйыл Каспийдин Орусия тарап жээгинде муз жука болгондуктан, тюлендер бул жерге топтолушуптур. 3 күндө 4 миңден ашык тюлендердин күчүгүн санадык. Деңиз жаныбарынын көбөйүү жараянында кыйынчылык жок. Абал туруктуу.

Фото: kursiv.kz