Казакстан жаңы кендерге геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзөт

Казакстандын жер казынасынан алтын, коргошун, цинк сыяктуу сейрек кездешкен абдан пайдалуу казмалардын 50дөй жаңы кен казуу жайы ачылышы мүмкүн. Өкмөттө геологиялык чалгындоонун «2021-2025-жылдарга» арналган мамлекеттик программасынын концепциясы каралды. Документте негизги 7 милдет белгиленген. Максаты – алдыдагы беш жылда өлкөнүн минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү, анын атаандаштыкка туруктуулугун арттыруу жана туруктуу болушуна шарт түзүү. Анда жерди аралыктан байкаштыруу сыяктуу илимий геофизикалык изилдөөлөрдүн алдыңкы түрлөрү колдонулат. Чалгындоо иштерин санариптештирип, инвестиция тартуу көздөлгөн. Кеминде 10 кен жайын ачуу үчүн 6,3 триллион теңге көлөмүндө каржы салынат деп күтүлүүдө. Айта кетсек, Мамлекеттик фонддо пайдалуу кендердин 8 миңге жакын очогу катталган. 15 чөкмө бассейндерде эле 76 миллиард тоннаны түзгөн мунай-газ ресурсу бар деп болжолдонууда.

МАГЗУМ МЫРЗАГАЛИЕВ, РК ЭКОЛОГИЯ, ГЕОЛОГИЯ ЖАНА ТАБИГЫЙ РЕСУРСТАР МИНИСТРИ:

- Өлкөнүн геологиялык изилдөө деңгээли 25 пайыздан 37 пайызга чейин жогорулайт. Экинчиден, абдан пайдалуу казмалардын болжолдук ресурстары толукталып, келечеги жогору 50гө жакын участоктор аныкталат. Үчүнчүдөн, чөкмө бассейндердин геологиялык изилдөө даражасы жогорулайт: өздөштүрүлгөн бассейнде 60 пайызга чейин, аз изилденгендери боюнча 10 пайызга чейин. Төртүнчүдөн, пайдалуу казмалардын болжолдуу ресурстарынын өсүшү камсыз кылынат.

Фото: qazgeology.kz


×