Алматы облусунда тоо туризми жигердүү өнүгүүдө

Тоо туризминен жакшы киреше табууга болот. Дүйнөдө бул убакыт өткөрүү түрү менен алектенген саякатчылардын саны кыйла өсүүдө, - дешет серепчилер. Алматы облусундагы Хан-Теңири чокусу салттуу түрдө конокторду өзүнө тартып келет. 2018-жылы анда эс алгандар жүздөп саналса, өткөн жылы эки эсеге көп болгон. Туристтер арасында тажрыйбалуу альпинисттер менен кышкы спорт сүйүүчүлөрү бар. Алматы обусунун Райымбек районунда коноктордун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн 2 жылда 5 заманбап эс алуу жайы ачылды. Азыркы учурда жергиликтүү бийлик “Акбулак” бийик тоолуу туристтик базасын  калыбына келтирип, этно-айыл ачууну көздөп жатат.

НУРБОЛ САГАТБЕКУЛЫ, РАЙЫМБЕК РАЙОНУНУН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Райымбек районуна инвесторлор келип, көптөгөн жерлерибизди көрүп жатат. Алдыдагы убакытта районубуздагы этно-айылга кошумча келген туристтерди ал жерден казактын салт-санаасы менен тааныштырууну көздөөдөбүз. Аккөл, Каракөл деген жакшы көлдөрүбүз бар. Ал жакка жөө туризмди өнүктүрсөк, андан башка мрамор дубалына барган Хан Теңиринин жанында жол салуу боюнча анын наркын караштырып жатабыз.

БЕКБОЛАТ БИРЖАНОВ, ТУРИСТ:

- Лыжа спорту – бул ден соолукка абдан жакшы. Менин оюмча, биздин район тоо-лыжа туризми үчүн жаралгандай. Бул жакка келген ар бир адам тоо чокуларынын улуулугуна кайдыгер карай албайт.

Фото: kapital.kz