Көп балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул көлөмү өсөт

Көп балалуу үй-бүлөлөргө арналган мамлекеттик жөлөк пулдун көлөмү өсөт. Өзгөрүүлөр сегиз жана андан көп бала тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө тиешелүү. Бул туураллуу кеңейтилген коллегиялык отурумда Эмгек жана калкты коомдук коргоо министри Биржан Нурымбетов маалымдады. Азыр жетинчи бала төрөлгөндөн кийинки балдарга мамлекеттен белгиленген жөлөк пул көлөмү 75 миң теңгени түзөт. Ал эми коомдук төлөм дифференциалдуу түрдө эсептелсе бул көрсөткүч 160 миң теңгеге жакындайт. Казакстанда 15 баласы бар үй-бүлөгө дал ушунча каржы төлөнө турган болот. Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө мыйзам долбоору келишүү жараянынан өтүп жатат. Оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү убакытына карабастан жаңы стандарттар боюнча жөлөк пул төлөө үчтүн айынын биринен башталат.

БИРЖАН НУРЫМБЕТОВ, РК ЭМГЕК ЖАНА КАЛКТЫ КООМДУК КОРГОО МИНИСТРИ:

- Биз дифференциалдуу түрдө эсептөө туура деп жатабыз. Эми 8 балалуу үй-бүлөлөр 74 миң теңге эмес, 85 миң теңгеге жакын алышат. Ал эми 9 балага жөлөк пул 96 миң теңге, 10 балага 106 миң теңге өлчөмүндө болот. 15 балага 159 миң теңге чыгат. Андан кийинки ар бир балага 10 600 теңгеден кошулуп турат. Бул туура деп эсептейм. Кээ бир аймактарда 11-12 баласы бар үй-бүлөлөр 7 балага арналган жөлөк пул алып жатат.

Фото: 365info.kz


×