«Бабалар изи менен» экспедициясы уланат

«Бабалар изи менен» - Түштүк Чыгыш Азияга. Саякатчы Сапар Искаков баштаган өлкөнүн эң белгилүү экспедициясы уланат. Кийинки максат – Вьетнам, Индонезия жана Мьянма өлкөлөрү. Эки жумалык сапардын жүрүшүндө анын командасы Түштүк-Чыгыш Азияда калган бабалардын мурасына инвентаризация жүргүзөт. Эске сала кетсек, «Бабалар изи менен» долбоору өз ишин 2016-жылы баштаган. Борбордо өткөн брифинг жүрүшүндө Сапар Искаков долбоор 2023-жылга чейин улантыларын билдирген. Алдыдагы убакытта дүйнөнүн дагы 50дөн ашык мамлекетине баруу мерчеми бар.

САПАР ИСКАКОВ, САЯКАТЧЫ, «БАБАЛАР ИЗИ МЕНЕН» ИЛИМИЙ ЭКСПЕДИЦИЯСЫНЫН АВТОРУ:

– 49 чет өлкөдө болдук. Биздин бабаларыбыздын изин көп өлкөдөн таап жатабыз. Аны телеканалдар аркылуу чагылдыруудабыз. Биздин кийинки бара турган өлкөлөрүбүз Түштүк – Чыгыш өлкөлөрү. Анда да биздин бабаларыбыздын издери, алардын тулпарларынын туягынын издери калган. Аны далилдеген көптөгөн артефакттар бар. Аны биз таап, даректүү тасма тартып, элге жеткиришибиз керек.

«Бабалар изи менен» автордук долбоору бүгүнкү күнгө чейин «Казак ТВ» телеканалынан 65 даректүү фильмди жарыкка чыгарды. 2023-жылга чейин алардын катары эки эсеге артып, 150 даректүү тасма көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат.

ТАЛГАТБЕК АБДИКОЖАЕВ, «ХАБАР 24» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН КАБАРЧЫСЫ:

- Мен «Бабалар изи менен» экспедициясынын сапарында 2018-жылдан бери жүрөм. Бул аралыкта биз бир нече мамлекетте болдук, бул сапар алкагында даярдалган материалдар ыкчам түрдө Хабар 24төн чыгат. Андан кийин кезек-кезеги менен Казак ТВ каналынан да маалыматтык сюжет катары даярдалып берилет. Ал эми негизги даректүү тасма кийинчерээк толукташтырылып, бир канча тарыхчылардын ар кандай көз караштары менен даярадалат.


×