Арал деңизинин дагы 17 миң гектарына сөксөөл отургузулат

Арал деңизинин кургап калган дагы 17 миң гектар жерине кара сөксөөлдүн көчөтүн отургузуу керек. Бул милдет Казакстан экологдорунун алдында турат. Алар өз мерчемдерин ишке ашыруу үчүн грант каражатын алууга ниеттенүүдө. Бул өз кезегинде Азиянын токой тармагындагы кызматташтык уюму тарабынан камсыздалышы мүмкүн. Ага Казакстан да кирет.

АСЫЛХАН АСЫЛБЕКОВ, КАЗАКСТАНДЫН БИО АР ТҮРДҮҮЛҮКТҮ САКТОО ФОНДУ ДИРЕКЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Казакстан кайрадан АFоСОго – Тынч океан өлкөлөрүнүн бирикмесине арыз берди. Алар отургузууга каражат бөлүп келишет. Учурда алардын эки долбоору бар. Анын бирөө Арал деңизин кайрадан карап чыгууга багытталган. Ошондуктан ал үчүн дагы 2 миллион каражат бериши мүмкүн.

Адистер колдо бар бадалдардын аянттарын көбөйтүүгө ниеттенишүүдө. Бул үчүн өлкө илимпоздору атайын инновациялык технологияларды иштеп чыкты. Алар сөксөөлдүн өсүү ыргагын бир кыйла арттырат.

АСЫЛХАН АСЫЛБЕКОВ, КАЗАКСТАНДЫН БИО АР ТҮРДҮҮЛҮКТҮ САКТОО ФОНДУ ДИРЕКЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Казакстанда ботаника институту бар, топурак таануу институту да аны иштеп чыгат. Ал бир гана сөксөөлдүн эле эмес, ар бир дарактын өсүшүн тездетет. Ал бир жарым эсеге көп болот, дарактардын өсүшүн бир жарым эсеге арттырат. Мындай тажрыйбалар дагы бар. Мунун баарына талдоо жүргүзүлөт.

Айта кетсек, бүгүнкү күндө сөксөөлдүн көчөттөрү Казакстандын Щучинсктеги Токой чарбачылыгы илимий-изилдөө институту жүргүзгөн сунуштарга шайкеш отургузулат.

Фото: mytabigat.kz