Дүйнөдө 1 миллиарддан ашык адам ыктыярчылык кыймылга катышат

Дүйнөдө 1 миллиарддан ашык адам ыктыярчылык кыймылга тартылган. Алардын башкы милдети – эпидемиялар, жакырчылык, климаттын өзгөрүшү, сабатсыздык сыяктуу адамзат үчүн эң маанилүү маселелер менен күрөштө көмөктөшүү. Бириккен Улуттар Уюму бул багытта глобалдык өнүгүү программасын ишке ашырууда. Учурда ага 6 миңден ашык адам тартылган. Казакстанда да ыктыярчылар кыймылы жакшы өнүккөн. 2010-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун саммитин, Азия оюндарынын, Универсиада жана ЭКСПО көргөзмөсүн өткөрүүгө ыктыярчылар жигердүү катышкан. Алматылык ыктыярчылар өз билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүшүүгө ар дайым даяр. Алар бир жылдан ашык убакыттан бери мектеп окуучуларына англис тилин өздөштүрүүгө жардам берип жатышат. Сабактар балдар китепканасында өтөт.

АСЕТ ДАНЬЯЛОВ, ЫКТЫЯРЧЫ:

- Ыктыярчылыктын өзүнүн кызыгы да, кыйынчылыктары да бар. Муну менен алектенгиси келгендердин саны көп, бирок кимге жана кандай көмөктөшүү керектигин биле беришпейт. Өзүм да ушундай абалга туш болгом.  Менимче, ар ким өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул кыймылда өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошуусу керек деп ойлойм.

 

Фото: volunteerhub.com