«Тумар-2020» сынагына каттоо башталды

«Тумар-2020» сынагына каттоо башталды

«Тумар-2020» Улуттук сынагына каттоо башталды. Жыл сайын өтүп келген сынак телевидение тармагындагы мыктыларды аныктоого багытталган. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу tvtumar.kz сайтында жалган куран айынын экисине чейин уланат. Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин демилгеси менен колго алынган саамалык 10 номинация боюнча өтөт. Быйылкы жарыштын өзгөчөлүгү – калыстар тобунун курамына ата мекендик телевидение тармагындагы инсандар менен бирге эл аралык серепчилер да киргенинде. Улуттук сынакта «Хабар» Агенттиги да өзүнүн мыкты долбоорлорун сунуштайт. Салтка айланган «Тумар» улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи борбордо жалган куран айынын он үчүндө өтөт.

Фото: 24.kz