Жасалма интеллект УБТ жараянын көзөмөлдөйт

Мындан ары Улуттук бирдиктүү тестирлөөнү жасалма интеллект көзөмөлдөйт. Система смартфон жана кагаз жазмаларды, башкача айтканда, шпаргалка колдонууну, а түгүл тестти талапкер өзү эмес, башка адам тапшырып жатканын автоматтык түрдө аныктай алат. Билим берүү министрлиги жаңы технологияны ушул жылдан баштап пилоттук долбоор катары колго алат. Ал эми санариптештирүүгө толук өтүү 2021-жылы ишке ашырылат. Ошол кезде казакстандык окуучулар Улуттук бирдиктүү тестирлөөнү кагаз түрүндө эмес, электрондук түрдө тапшырат.

ДИДАР СМАГУЛОВ, УЛУТТУК ТЕСТИРЛӨӨ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮНҮН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Бир тест тапшыруучу, бир камера эрежесин компьютердик тестирлөөгө киргизебиз. Бул өкүлдөрүбүздүн иш сапарлары боюнча чыгашаларды жоюуга, аны менен бирге, ар бир тест тапшыруучуну толук көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө колубузда кимдин кандай тапшырганы тууралуу толук маалымат бар, эгер чукул маселе жаралса, биз аны далилдей алабыз.

Белгилей кетсек, быйыл 169 тест тапшыруу пунктунда онлайн-трансляциялоо жүргүзүлөт. Жалпы, 2020-жылы 115 миң бүтүрүүчү Улуттук бирдиктүү тестирлөө тапшырат.

Фото: 24.kz