Чыгыш Казакстан облусунда мүнүшкөрлөрдүн республикалык жарышы өттү

Чыгыш Казакстан облусунда мүнүшкөрлөрдүн республикалык жарышы өттү. Салттуу жарыш Абай Кунанбай уулунун 175 жылдык мааракесине карата акындын туулган жеринде уюштурулду. Ага Казакстандын булуң-бурчунан 60ка жакын бүркүтчүлөр катышып, 2 күн бою мүнүшкөрлүк өнөрүн тартуулашты. Жарышка Нур-Султан шаарынан келген Ерасыл 11 жашта. Бул өнөрдү ал чоң атасы менен атасынан үйрөнгөн.

ЕРАСЫЛ СЕРИКБЕК УУЛУ, ЖАШ МҮНҮШКӨР:

- Мүнүшкөрлүктү кичинекей кезимден, 7-8 жашымдан баштадым. Эң алгачкы кушум ителги болгон. Башында кичинекей куштарды таптасам, чоңойгон сайын ири куштарга көңүл бөлө баштадым.

Бүркүт, ителги, карчыга сыяктуу кыраан куштардын ар бирине өз-өзүнчө шарттар коюлду. Атаандаштыкка каттуу шамал жолтоо болгону менен, көктөн чабуул жасаган куштар эч буйдалган жок.

ЕРМУХАН БАЙЕТБАЙ, ЖЕҢҮҮЧҮ БҮРКҮТЧҮ:

- Бүркүтүмдүн аты – Айгайтас, жашы төрттө. Бир нече жарыштарга катышкан, мына бүгүн бак конуп, көп кыраан куштарды артка калтырып, биринчи орунга ээ болду. Аксакалдарыбыздан билбегендерибизди сурап, үйрөнүп жатабыз. Азыр көп жаштар мүнүшкөрлүккө кызыгып, ушул өнөр менен алектенишүүдө.

ЖАРКЫНБЕК БАЙСАБЫРОВ, АБАЙ РАЙОНУНУН АКИМИ:

- Биздин облуста Абайдын 175 жылдыгын белгилөө жылынын алкагында 560-600 иш-чара мерчемделген. Алардын 118и акындын мекенинде өтөт. Ошондуктан дал ушундай жарыштар өсүп келе жаткан муун үчүн тарбиялык мааниси бар деп эсептейм. Белгилей кетүүчү жагдай, “Улуу талаанын жети кыры” макаласынын алкагында өтүлүп жаткан саамалыктар аталган каада-салттардын унутта калбашы үчүн чоң мааниге ээ.

Фото: Хабар 24