Казакстан жарандарын эвакуациялоого кошумча каттамдар жөнөтүлөт

Казакстан жарандарын эвакуациялоо максатында Кытайга дагы эки каттам жөнөтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Кытай тараптын өтүнүчү боюнча кошумча учактар өлкөдө жүргөн 47 кытай жаранын жана Кытай Эл Республикасы элчилигинин коммерциялык эмес жүгүн Бээжинге жеткирүүгө тийиш. Такталган маалымат боюнча, учурда Кытайда 719 казакстандык бар, анын 391 өлкөгө кайтууга ниетин билдирген. Учакта жүргүнчүлөр медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болот. Эске сала кетсек, бирдин айынын экисинде коронавирус күч алган Ухань шаарынан 83 казакстандык өлкөгө жеткирилген, анын 80 студент. Алар 14 күндүк карантинге алынган.

Фото: ainews.kz