Нур-Султанда казак тилдүү блогерлердин форуму өттү

«QazForum-2020» - казак тилинде контент жасоочулардын жолугушуусу. Аталган форум быйыл 4-жолу Нур-Султанда өтүүдө. Долбоор өз жумушун чакан конференциядан баштаган, бүгүнкү күндө ири аянтка айланды. Уюштуруучулардын сөзүнө ишенсек, быйылкы долбоор мурдагыдан өзгөчөрөөк.

Быйылкы форумга Казакстандын булуң-бурчунан 200дөн ашуун катышуучу келеген. Ал эми өтүнмө бергендердин саны андан да көп. Форумдун уюштуруучуларынын айтымында, бул казак тилдүү контентке болгон кызыгуунун өсүп жатканынан кабар берет.

САКЕН БАЛБАЕВ, КАЗАКСТАН БАСМА СӨЗ КЛУБУНУН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Казакстанда гана эмес, бүткүл дүйнөдө технологиялык өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, маалыматты жеткирүү усулдары өнүгүүдө. Маалыматтык, коомдук желелер бар. мунун бардыгы өз ара байланышат. Эң өзгөчөлүгү, бүгүнкү биринчи сессияга катышып жаткан журналисттер өз жигердүүлүгүн көрсөттү. Бири-бири менен кызуу талкуу жүргүзүштү. Жөн гана пикир алмашуу эмес, талашуу болду. Бул көрүнүш кубандырат.

АЙДОС САРЫМ, САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- Казактын медиа рыногундагы салттуу жыйындарынын бирине айланды. Бул бир гана казак тилинде өтө турган, казак басма сөзүнө арналган, ой жүгүрткөн, пикирин ортого салган ири аянт. Кесиптештер өз ойлорун айтышат, өз өзгөчөлүктөрүн жеткиришет. Эффективдүү ыкмаларын сунушташат. Пайдасы көп.

Серепчилер, журналисттер, блогерлер бүгүнкү күндө интернетте казак тилдүү аудиториянын көбөйүп жатканын белгилешти. Бул аталган контентти монетизациялоого мүмкүнчүлүктөрдүн өскөнүн көрсөтөт.

Фото: baq.kz