Нурсултан Назарбаевдин жолу – эгемендүүлүктүн тарыхы

Нурсултан Назарбаевдин көпчүлүккө белгисиз жактары. Нур-Султан шаарында Эл башынын замандаштарынын эскерүүлөрүнөн түзүлгөн жыйнак  тааныштырылды. Жердештери, классташтары, үзөңгүлөштөрү бөлүшкөн аңгемелер үч китепке араң баткан. Ошондой эле, ушул күнү окурмандарга жамааттык монографиялык эмгек жолу багыт алды. Ал жерде көз карандысыздык санжырасы баяндалып, эгемендүү өлкөнүн дүйнөлүк кадыр-баркын ашырган дүйнөлүк демилгелер тууралуу айтылат.

КУАНЫШ СУЛТАНОВ, РК ПАРЛАМЕНТ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Тарыхый санжыра. Бүтүн тарыхый маалыматтар. Кабыл алынган бардык аракеттер же токтомдор, мамлекеттик чечимдер, бардыгы так жана салыштырмалуу маалыматтар менен берилген. Бул биринчи кезекте биздин мамлекеттин жарандарына өз өлкөсүн таануу, тарыхыбызга көз карашты түзүү үчүн илимий ыкма болуп саналат.

БҮРКИТБАЙ АЯГАН, МАМЛЕКЕТ ТАРЫХЫ ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮ:

- Менин оюмча, бул китептер бүгүнкү күндө милдеттүү түрдө окула турган эмгек катары каралышы керек. Өзгөчө бул эмгектерди бүгүнкү күндүн изилдөөчүлөрү, жогорку окуу жайлардын студенттери жана окуучулар окушу керек деп эсептейм.

Фото: zakon.kz