Кумду кармап туруучу бактериялар жасалып чыкты

Казакстандык окумуштуулар кумду кармап турууга жөндөмдүү бактерияларды жасап чыгарышты. Микроорганизмдер нымдуулукту кармап, кумдун көчүшүн токтотууга жөндөмдүү. Каттуу шамал соккон кезде бархандар бир нече метрге чейин кыймылдашы мүмкүн. Ал эми даярдалган жайларга сөксөөлдү отургузса, микроорганизмдердин жардамы менен чөлдөшүү маселесин чечүүгө болот, дейт казакстандык окумуштуулар.

АСЫЛХАН АСЫЛБЕКОВ, КАЗАКСТАНДЫН БИОАРТҮРДҮҮЛҮГҮН САКТОО ФОНДУНУН ДИРЕКЦИЯ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул бактериялардын кумду кармап туруу жөндөмдүүлүгү абдан жогору. Сөксөөлдү ушундай кысылган топуракка отургузса ал жакшы өсөт. Эң башкысы, сөксөөлдүн ыңгайлашып, өсүшү үчүн жакшы. Өнүп кете турган болсо ал 2-3 метрге чейин тамыр жаят.

Сөксөөлдү өстүрүү боюнча өз тажрыйбалары менен Кытай, Иран, Ооганстан, Моңголия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын окумуштуулары бөлүшүүдө. Ошондой эле, алар казакстандык изилдөөчүлөрдүн изденүүлөрүнө да кызыктар. 2019-жылы Казакстан Кореянын Токой кызматы менен бергеликте Арал деңизинин түбүндө 10 миң гектар аймакка кара сөксөөлдүн көчөттөрүн отургузган. Өлкөдө бадалдын дал ушул түрүн көбөйтүүгө басымдуулук берилерин белгилеп өтүү керек. Ал көп көңүл бөлүүнү талап кылбайт жана чөлдөшүү аймактарында жакшы өсөт, ал эми быйыл жазында 2,5 миң гектар жерге сөксөөл отургузуу мерчемделген.

АСЫЛХАН АСЫЛБЕКОВ, КАЗАКСТАНДЫН БИОАРТҮРДҮҮЛҮГҮН САКТОО ФОНДУНУН ДИРЕКЦИЯ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Мисалы үчүн, Түркмөнстан көчөттөрдү шахмат тартиби менен отургузат. Алардын куму терең болгондуктан тамыр жаюусу кыйын. Биздин өз ыкмабыз бар. Бардыгыбыз тажрыйба алмашып жатабыз. Моңголия тарап өз усулдарын сунуштады. Кореялык окумуштуулар бизге жылына эки жолу келип уруктарды тандап, өз изилдөөлөрүн жүргүзүшөт.

Казакстан тараптын алдыга койгон милдети – Кызылордо облусундагы конуштардын айланасына сөксөөлдөн жашыл алкак өстүрүп чыгаруу. Ушундай шарттарда, экологдор аймакта бадалдуу токойду калыптандырууну көздөшөт. Дүйнөдө Казакстан сөксөөл баскан аймак боюнча биринчи орунда. 12 миллион гектар токойдун жарымынан көбү, башкача айтканда, 6 миллион гектарын сөксөөл ээлеп жатат.

Фото: ecoportal.info