Алматыда «Аль-Фараби илимий борбору» ачылды

«Аль-Фараби илимий борбору» Алматыдагы Улуттук китепканада ачылды. Эми бул жерде ар кайсы тармактын өнүгүшүнө салым кошкон энциклопедист окумуштуунун өмүрү-чыгармачылыгы, илимий кызматы терең изилденет. Улуттук китепканада бүгүнкү күндө адамзаттын экинчи мугалими катары саналган аль-Фарабинин эмгектери  менен жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу төрт миңден ашуун изилдөөлөрү менен чыгармалары сакталуу. Ал эми аль-Фарабинин өз эмгектеринин саны миңге жакындайт, - дейт китепкана жамааты. Илимий борбордун ачылуу аземинде белгилүү окумуштуунун эмгектеринин санариптик нускалары тааныштырылды.

БАКЫТЖАМАЛ ОСПАНОВА, КР УЛУТТУК КИТЕПКАНАСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Улуттук китепкананын фондунда аль-Фарабинин түп нускадагы эмгекетери жок. Бирок, биз алгылыктуу иш алып барабыз, экспедиция уюштурабыз, изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Анын эмгектери кайсы мамлекеттерде бар? Ушул багытта иш жүргүзүп, аларды таап, эмгектерин санариптик форматка көчүрүп ала алабыз. Биздин фондубузда да алар болот деп ишенебиз.

АБСАТТАР ДЕРБИСАЛИ, Р.Б.СҮЛЕЙМЕНОВ АТЫНДАГЫ ЧЫГЫШ ТААНУУ ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮ:

- 1150 жыл мурда, аль-Фараби Отырарда университеттер, медреселер жок кезде, мусулманчылык жаңыдан жанданып жаткан учурда, эч нерсеге карабастан, Месопатамияга, Багдатка билим алуу үчүн аттанган. 1757-жылы ал бир гана араб тилинде эмес, грек тилдеринде да мыкты чыгармаларды жарыкка чыгарган. Ал өзүнүн артынан өчпөс эмгектерди калтырып кетти.

Фото: almaty.tv