Стамбулдагы кырсыкка кабылган учакта Казакстандын 2 жараны болгон

Касым-Жомарт Токаев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Эскерте кетсек, бүгүн Түркиянын Ван провинциясында кар көчкүнүн айынан 38 адам каза таап, 53 адам жаракат алды. Ошондой эле, Стамбулдун Сабиха Гөкчен аба майданында түркиялык Pegasus авиакомпаниясына таандык учак кырсыкка кабылып, 3 адам көз жумганы кабарланды.

Маалыматка таянсак, 179 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган. Алардын арасында 2 казакстандык да бар. Жапа чеккендер Фатих Султан Мехмет ооруканасына жеткирилди. Азыр казакстандыктарга Стамбулдагы Казакстандын Башкы консулдугу керектүү жардамдарды көрсөтүп жатат.

Фото: rfi.fr