Кызылордодо “Адвокация” кабинети өз жумушун баштады

Кызылордодо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо боюнча “Адвокация” кабинети өз жумушун баштады. Өз ара кызматташтык тууралуу меморандумга ылайык, беш коомдук уюмдун өкүлдөрү акысыз кызмат көрсөтүшөт. Бул жерде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бардык маселелер боюнча кеңеш, мамлекеттик кызмат, коомдук жеңилдиктер, жумушка орношуу, компьютердик ыкмалар боюнча маалымат берилет.

Ошондой эле, жыл бою Кызылордодогу элге кызмат көрсөтүү борборлорунда бир топ ыктыярчы аларга жардам берүүгө кызыктар болууда. Азыркы тапта бул долбоор шаардын борборунда гана жеткиликтүү. Алдыдагы убакытта коомдук уюм өкүлдөрү бардык райондордо ишке ашырууну көздөп жатат.

ОЛЬГА ЧЕБАКОВА, «КЫЗЫЛОРДО ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ» КООМДУК ФОНДУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул аракеттерге бир нече коомдук уюм катышат. Алардын бири жеткиликтүү чөйрө калыптандыруу маселелери менен алектенсе, экинчиси мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга укуктук кеңештер менен окуу курстарын уюштурат. Жарандарга арналган өкмөт борборунан ачылган бөлмө күн сайын  саат 9да ачылып, 4 саат кызмат көрсөтөт.

Фото: kzvesti.kz