Казакстандык вундеркинд борбордук акимчиликте жооптуу кызматка дайындалды

14 жашында лицейди, 18 жашында университетти аяктап, 24 жашында Президенттик кадр резервинин жеңүүчүсү аталды. Мыкты 300 адамдын тизмесине кирген Ануар Бижан борбордук акимчиликте жооптуу кызматка дайындалды. Анын алдыдагы максаты - мамлекеттик кызмат тармагында санариптик долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат. Ануардын айтымында, ал жергиликтүү аткаруу бийлиги менен калкты жакындатууга күчүн жумшайт.

АНУАР БИЖАН, НУР-СУЛТАН ШААРДЫК АКИМЧИЛИГИ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Мамлекет башчысынын концепциясына ылайык, шаарлардын, калктуу конуштардын акимдеринин жана жарандарынын ортосундагы диалогду кантип түзүү керектиги, ошону менен бирге, жарандардын маселелерин, сын-пикирлерин, арыздарын санариптештирүү жана аны маалымат базасына топтоо идеясы бар. Адатта, тургундардын өтүнүчтөрүн эске алууга көп убакыт кетет. Өзүнүздөргө белгилүү болгондай, Egov.kz веб-порталы бар, азыркы учурда анын кызмат көрсөтүүсү жетишерлик. Ошондой эле, Egov.kz базасында анын маалымат базасы менен кошуп бардыгын бириктирүүгө болот. Ошондуктан, жарандарга кайра байланышты конкреттүү убакытта көрсөтө алган платформаны түзүшүбүз керек.