Ухандан 8 казакстандык эвакуацияланды

Ухандан 8 казакстандык эвакуацияланды

Кытайдын Ухань шаарынан 8 казакстандык эвакуацияланды. Орусия жана Өзбекстандын атайын борттору менен алар Ташкент жана Тюменге жеткирилди. Ал жакта казакстандыктар 2 жума дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Тышкы иштер мекемесинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учак конуунун алдында бардык жүргүнчүлөр тыкыр текшерилген. Аларда вирустун белгилери байкалган эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстан оорунун чордонунан 83 жаранын эвакуациялаган. Алардын саламаттык абалы текшерилгенден кийин көп тармактуу оорукананын алдынан атайын бөлүнгөн, борбордон 7 чакырым алыстыкта жайгашкан инфекцияга каршы корпуска 14 күндүк карантинге жайгаштырылган.

Бүгүн өкмөттө өлкө вирустарга каршы турууга толук даяр экени айтылды. Мамлекеттик резеврден маскалар, тепловизорлор жана керектүү дары-дармектерге 3,5 миллиард теңге бөлүндү. Белгилей кетсек, буга чейин республика аймагында коронавирустун таралуусун азайтуу максатында уюштуруу аракеттери да колго алгынган. Казакстан КЭРден келген транзиттик жүргүнчүлөр үчүн визасыз режимди токтотту. Аны менен бирге, «Хоргос» чек ара айланасындагы кызматташтык эл аралык борборунун казакстандык бөлүгүндө да жумуштар токтотулду.

Фото: elorda.info