Арал деңизиндеги биоартүрдүүлүктү сактоо

Чөлдүн ордуна жашыл жайыт, бош жерлердин ордуна токой. Беш жылдан кийин Өзбекстан Арал деңизинин кургап калган бөлүктөрүн жашыл бакчага айландырууга ниеттенип жатат. Республиканын бардык аймактарынан адистер үчүнчү жыл катары менен кургак жерди жашылдандыруу менен алектенүүдө. Атайын технологиянын жардамы менен кумдуу жердин башкы дарагы – сөксөөл отургузулууда. Адистердин айтымында, бул дарак өсүмдүктөрү өз тамыры менен топуракты бекитип, кумдун пайда болбоосуна өз таасирин тийгизет. Ал эми сөксөөл 10 жашка келгенде 10 кубометрге чейин кумду сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул тажрыйбаны Казакстан өз коңшуларынан алууга ниеттенип жаткандыгын айта кетүү керек.

Ошондой эле, республика Аралдын жээгиндеги аймактарында жем-чөп өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн өстүрүүнү пландап жатат. Мындан бөлөк, мамлекет Арал чөлкөмүндө биоартүрдүүлүктү сактоо жана балык чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча ишти күчөтүүнү көздөөдө.

ГЛЕБ ЩЕГЕЛЬСКИЙ, РКНЫН ПАРЛАМЕНТ МАЖИЛИСИНИН ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШТЫ ПАЙДАЛАНУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Бул маанилүү долбоор. Бүгүнкү күндө Казакстанда Аралды сактап калуу боюнча бир нече иштер аткарылды. Мисалы, сууну сактоо үчүн атайын дамбалар курулду. Азыркы учурда Аралда балык абдан туруктуу түрдө өндүрүлөт. Жыл сайын болжол менен 800 тонна балык кармалып кайра иштетилет. Өткөн 2019-жылда Арал районунда балык ресурстарын кайра иштетүү боюнча 5 цех ачылды. Айта кетсек, азыркы учурда балык өндүрүшүнө кызыгуучулук чоң.

Фото: regnum.ru