«Кунанбай» китеби тааныштырылды

Улуу Абайды даңазалаганда анын атаcы Кунанбайдын өлкө тарыхындагы эмгегин унутпоо керек. Мындай пикирин Президент Касым-Жомарт Токаевдин айтканы бар. Албетте Абайдын инсан катары калыптануусунда атасынын ролу чоң. Ошондуктан Кунанбай тууралуу маалыматтарды көбөйтүү, жайылтуу колго алынарлык иштердин бири. Абай Кунанбай уулунун 175 жылдык мааракеси алкагында РРКнын Улуттук илимий академиясынын академиги Ерлан Сыдыков көркөм өмүр баяндык эмгегин көпчүлүккө тартуулады. Басылмада улут жана руханият тарыхында өзгөчө орду бар казак инсаны жөнүндө даректүү маалыматтар камтылган.   

ЕРЛАН СЫДЫКОВ, РКНЫН УИА АКАДЕМИГИ, АВТОР:

- «Шакарим» тарыхый биографиясын жазгам. Азыр «Шакарим» китеби 6 тилге которулду. Эгерде аталган китептин белгилүүлүгү артып жатса, эмнеге андан ары өнүктүрүүгө болбойт деген ой келип, «Кунанбайды» колго алгам. Буга материал жеткиликтүү болду. Анын үстүнө быйыл Абай жылы эмеспи. Кесибим тарыхчы болгондуктан бир топ материалдарды чогулттум. Андан кийин бул китепти жазып, жакында Москвадан басылып чыгып, кубанычка бөлөп жатат.

СЕРИК НЕГИМОВ, ФИЛОЛОГИЯ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ, ПРОФЕССОР:

- Бул «Кунанбай» китебин окуган кезде анын өмүрү, жашаган мезгили, Кунанбайдын ата-теги, урпактары, казак элине кылган жакшылыктары, балдарына берген тарбиясы  тууралуу маалымат ала аласыз. Ал билимдин күчүнө ишенген. Ошондуктан уулдары Халиолла менен Абай сапаттуу билим алган. Абай мисалы, болжол менен 3,5 жылдай медреседе окуду. Жарым жыл орус мектебинде билим алды. Абайды 14 жашынан баштап өлкөнүн чарбасына аралашуусуна, анын даанышман, ойчул болуусуна атасы Кунанбайдын салымы чоң.

Фото: inform.kz