Вашингтондогу Казак диаспорасы Абай окууларын өткөрдү

Вашингтондогу Казак диаспорасы Абай окууларын өткөрдү. Туулган жеринен алыста жүргөнүнө карабастан казакстандыктар өз салт-санаасын жана маданиятын унуткан эмес. Ушундай ар бир жолугушуу келгендерди шыктандырып, ата мекени менен болгон байланышты бекемдейт, дешет алар. Казакстандан ала келген Абайдын чыгармалар жыйнагын көздүн карегиндей сакташат. Алардын айтымында, «Абайдын Кара сөздөрү» бала тарбиялоо, адамгерчилик жана үлгүлүү болууга үйрөтөт. Дүйнөнүн жаштары үчүн да өзөктүү.

РОЗЛАНА АЛТЫНБЕК, ВАШИНГТОН ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- «Ақ киімді, денелі, ақ сақалды,

   Соқыр мылқау танымас тірі жанды.

   Үсті-басы ақ қырау түсі суық,

   Басқан жері сықырлап келіп қалды».

 

ЕРКАНАТ ТАСЫБАЕВ, ВАШИНГТОН ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- «Әсемпаз болма әрнеге,

   Өнерпаз болсаң, арқалан.

   Сен де — бір кірпіш дүниеге,

   Кетігін тап та, бар, қалан»!

 

Фото: Хабар 24