Абайдын 175 жылдыгына карай Прагада маданий-маалымат борбору ачылды

Абайдын 175 жылдыгына карай Прагада маданий-маалымат борбору ачылды. Бул Европа жашоочуларына улуу казак акынынын чыгармачылыгы менен жакыныраак таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Бул жерде бир миңден ашуун китеп топтоштурулган. Сейрек кездеше тургандар менен катар жаңы басылмалар да көпчүлүктүн назарына сунушталды. Бардыгы Семейден атайын алып келинген. Ошондой эле, фото жана видео материалдарды, Абайдын кара сөздөрүнүн үч тилдеги аудио жазмаларын да ушул жерден кездештирүүгө болот.

ҮМИТХАН МУНАЛБАЕВА, КР УЛУТТУК АКАДЕМИЯЛЫК КИТЕПКАНА МҮДҮРҮ:

- Абай мурасын 32 жыл бою жыйнап келген Алмахан эже бар. Бул адам өз фондундагы бардык сүрөттөрдү китепканабызга тартуулады. Мында Абай жашоосунун ар кандай этаптары: балалык чагы, жаш кези жана чыгармачылык менен алектенген кезине тиешелүү маалыматтарды сунуштап жатабыз.

ТУРСЫН ЖУРТБАЙ, ФИЛОЛОГИЯ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Бул Абайдын 1909-жылдагы жыйнагынын көчүрмөсү. Калгандары 30-жылдарга чейин чыккан жыйнактар. Алардын баалуулугу – кээ бир Абайдын ырларынын биринчи жолу басма сөзгө басылышы. Ошондуктан түп нускасы катары саналат.

Долбоорду Казакстан улуттук академиялык китепканасы Чехия улуттук китепканасы менен биргеликте ишке ашырды. Абай борбору Чехиянын эң байыркы китепканасында жайгашкан. Эми бул жерге келе турган миңдеген окурман улуу Абайдын эмгектери менен тааныша алат.

МАРТИН КАСАНДО, ЧЕХИЯ УЛУТТУК КИТЕПКАНАСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Казакстан менен Чехия бири-биринен алыс жайгашкан. Жарандарыбыз Казакстанды жакшы билишпейт. Абай борбору чехтерге Казакстан маданияты, адабияты жана улуу жазуучу Абай менен жакыныраак таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Ушундай аракеттерди уюштуруу биз үчүн чоң сыймык. 

СТАНИСЛАВ БЕРКОВЕЦ, ЧЕХИЯ ПАРЛАМЕНТИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Китепканаларыбыз ушундай долбоорду ишке ашырганына ыраазымын. Керек болсо Чехия парламентинде да Казакстанга болгон кызыгуу жогору. Жеке мен Абай чыгармачылыгы менен таанышмын. Ушул көргөзмөдө ал тууралуу көбүрөөк билем деп ишенем. Бош убактымда милдеттүү түрдө Абай борборуна дагы бир жолу барам.

Чехиянын борборундагы Абай борбору үч ай бою иштейт.

Фото: 24.kz