Кытайлык дарыгерлер: “Коронавирус инкубациялык мезгилде да жугушу мүмкүн”

Кытайлык дарыгерлер вирустун адамдан адамга жугуу мүмкүндүгү жогорулаганын билдирди. Коронавирустун жаңы түрү ал тургай инкубация убагында да жугушу мүмкүн, башкача айтканда, адамга анын белгилери сезилбесе дагы. Мындай маалыматты Улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясынын өкүлдөрү Пекиндеги  басма сөз жыйынында айтып чыгышты. Алардын маалыматында, кээ бир жуктурган адамдар оорунун белгилери пайда болгонго чейин жайылып кетүүсү мүмкүн, бул карантиндик чараларды колдонууну кыйындатат.

ХЭ ЦИНХУА, ООРУЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БЮРОСУНУН АГА ИНСПЕКТОРУ:

- Азыркы тапта эпидемиянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү кыйын кырдаалга кептелди. Жергиликтүү деңгээлде мобилизациялоо мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен пайдалануу зарыл. Биз болгон күчүбүздү жумшоодобуз. Туруктуу топтук көзөмөл менен алдын алуунун аркасында илдетти таратпоо боюнча чаралар натыйжалуу ишке ашуусу мүмкүн.

Фото: iz.ru