Өлкөдө «Абай жолу» роман-эпопеясынын Брайль системасындагы нускасы жарык көрдү

Өлкөдө «Абай жолу» роман-эпопеясынын Брайль системасындагы нускасы жарык көрдү. Адистердин айтымында, романдын бир бети Брайль арибине алмашканда 3 бетке көбөйгөн. 4 томдук адабий чыгарма 21 китеп болуп чыкты. Бул Чыгыш Казакстан облусундагы көзү азиз жана начар көргөн адамдарга арналган китепкана жамаатынын улуу акындын 175 жылдык мааракесине арналган иш-чараларынын бири. Буга чейин алар Абай Кунанбай уулунун кара сөздөрүн азиздерге арналган окуу системасында жазып чыккан. Эми алдыдагы убакытта «Поэзиянын падышасы» аттуу ырлар жыйнагын чогултуу да көздөлүүдө.

ДЕНИС ИШУНИН, БИРИНЧИ ТОПТОГУ МАЙЫП:

- Бул чыгарманы абдан берилүү менен окуп жатам. Башынан аягына чейин таалим-тарбияга толгон чыгарма. Ошонусу менен да мени кызыктырды.

Ал эми Павлодар облусунда улуу Абайдын 175 жылдыгына арналган иш-чаралардын жүрүшү «Жидебай-Бөрили» мамлекеттик корук-музейинин көргөзмөсү менен ачылды. Долбоор Павлодар менен Семей музейлери ортосундагы кызматташтык алкагында колго алынды. Көргөзмөгө алып келинген экспонаттардын арасында акындын алаканынын изи калган эт табагы, чоор сыяктуу жеке буюмдары да бар. Жалпысынан, Абай музейинин фондунда миңден ашык картина орун алган. Эң тандалмасы «Жаш Абай» картинасы биринчи жолу көчмө көргөзмө экспонаттарынын катарына кирип жатат. Абай мурасы көргөзмөсү бирдин айынын ортосуна чейин уланат.

КУАТ КИЫКБАЙ, АБАЙДЫН "ЖИДЕБАЙ - БӨРИЛИ" МЕМЛЕКЕТТИК ФОНД-МУЗЕЙИНИН АГА КЫЗМАТКЕРИ:

- Дал ушул Улуу Абайдын мурасы темасындагы көргөзмөдө Абайдын «Жидебай-Бөрили» мамлекеттик корук-музейинин асыл фондунан 100гө жакын экспонат келип жатат. Абай окуган Ахметриза мечит-медресесиндеги китептер, мындан сырткары, перс, араб, түрк, чагатай жана татар тилдериндеги китептер да бар.  Ошондой эле, казак акынынын ааламына алып барган экспонаттар да коюлган. Алардан улам биз казак агартуучусунун кандай болгонун биле алабыз.

Фото: 24.kz