Казакстанда 2023-жылга чейин маалымат тармагын өнүктүрүү планы иштелип чыгат

Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымат тармагын өнүктүрүүнүн 2020-2023-жылдарга арналган улуттук планын иштеп чыгат. Бул тууралуу мекеменин башчысы Даурен Абаев жылды жыйынтыктоочу кеңейтилген отурумда билдирди.

ДАУРЕН АБАЕВРКНЫН МААЛЫМАТ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРИ:

- Президент алдыбызга койгон кийинки стратегиялык милдет – маалымат тармагын өнүктүрүүнүн 2020-2023-жылдарга арналган улуттук планын кабыл алуу. Документ алкагында казакстандык ЖМКнын атаандаштыкка туруктуулугун арттырууга багытталган иштер жүргүзүлөт. Учурда көптөгөн чаралар бышыкталууда.

Министрдин айтымында, азыркы учурда мекеме мамлекеттик маалыматтык саясатты жакшыртуунун үстүндө. Бул максатта маалыматтык буйрутма механизмдери кайрадан каралып чыгат.

ДАУРЕН АБАЕВ, РКНЫН МААЛЫМАТ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРИ:

- Биз рыноктук тарифтерди киргизүү аркылуу санын эмес, сапатын жакшыртабыз. Мамлекет эл арасында чыныгы суроо-талапка ээ мултимедиалык контентти субсидиялай турган болот. Ошондой эле, аны иентернетте жайылтуу жагы да караштырылат. Экинчиден, биз коммерциялык телеканалдарга жана радиостанцияларга санариптик берүүдө өз ордубузду ээлеп калууга көмөк көрсөтөбүз.

Мындан сырткары, маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде «мамлекеттик угуу» концепциясы тууралуу түшүнүк киргизилет. Бул милдетти ишке ашыруу үчүн системалуу мониторинг жана калк менен кайра байланыш каналдарын талдоо көздөлүүдө.

Фото: strategy2050.kz