Түркестанда ыктыярчылар Абай мурасын жайылтуунун өзгөчө жолун табышты

Түркестан облусунда ыктыярчылар Абай мурасын жайылтуунун өзгөчө жолун табышты. Жигердүү жаштар улуу акындын чыгармаларын туристтер көп чогула турган касиеттүү жайларда даңазалоону башташты.

ТИМУР ТАСТАНОВ, РАЙОНДУК МАДАНИЯТ ҮЙҮНҮН МЕТОДИСТИ:

- Биз Абайдын жаш кезин көрсөттүк. Анын ойлорун жеткирүүгө аракет кылдык. Ал элге эмне айткысы келген? Ошодуктан биз  улуу акындын жаш кезин чагылдырууну туура көрдүк. Арабызда Абай Кунанбай уулунун чыгармалары тууралуу билбегендер болсо биз аларга айтып беришбиз керек. Канчалык көп адамга жеткирсек, ошончо жакшы.

Аймакта «Казакстандын ыйык жерлери» картасына кирген 9 объект бар. Анын бири «Кайып эрен, кырк чилтен». Бул жерге жылына миңдеген саякатчы менен зыяратчы келет. Ыктыярчы жаштар конокторго Улуу акын тууралуу суроолорду берип, чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуштужан Абайдын ырларын бирге ырдашты.

БЕЙСЕКҮЛ ОМАР КЫЗЫ, ЖАМБЫЛ ОБЛУСУНУН ЖАШООЧУСУ:

- Менин оюча Абайдын мурасын туристтер көп чогулган жайларда жайылтууга багытталган жаштардын акциясы эстен кеткис таасир калтырды.

Ыктыярчы жаштардын акындын мурасын даңазалоого арналган акциясы жыл аягына чейин уланат.

Фото: khabar.kz