Коронавирустун таралуу кооптуулугуна байланыштуу чукул чаралар көрүлүүдө

Казакстан коронавирустун таралуу кооптуулугуна карата чукул чараларды колго алды. Кытай менен ортодогу бажы бекетинен өткөн 19 миң адам вируска байланыштуу текшерилди. Алардын арасында кооптуулук жок деп кабарлады өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги. Казакстанга келе турган транзиттик жүргүнчүлөргө 72 саттык визасыз келүү режими алынып салынды. Ошондой эле, «Хоргос» чек ара кызматташтыгы эл аралык борборунун казакстандык бөлүгүнүн иши убактылуу токтотулду. Ал эми Кытайдагы мекендештерге консулдук жана башка да жардам көрсөтүү иштери болушунча күчөтүлдү. 

Айта кетсек, Өкмөт башчысы Аскар Мамин Президенттин тапшырмасы боюнча чукул жыйын куруп, Казакстан аймагындагы коронавирусту таратпоо жана анын алдын алуу боюнча бир катар тапшырма берди. Жыйынтыгында атайын мекеме аралык комиссия түзүлдү.

АСКАР МАМИН, КРнын ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

- Азыркы тапта КЭРнын Ухань шаарында жана башка шаарларында да адам өмүрүнө кооптуу өпкөнүн сезгенүүсү, коронавирус таралып жатат. Президент Касым-Жомарт Токаев бул вирустун таралып кетишине жол бербөө максатында чукул чараларды уюштуруу тууралуу тапшырма берди. Бул маселе Өкмөттүн өзгөчө козөмөлүндө. Тийиштүү чаралар уюштурулду.

Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинде жарандарды өлкөгө кайтаруу чаралары колго алынууда. Ата мекендик туристтик компаниянын маалыматы боюнча, Кытайда миңге жакын Казакстандын жараны бар. Алардын бардыгы өлкөгө кайтарылат. Ал эми Скат авиа компаниясы Коронавирустун өрчүшүнө байланыштуу Кытайдын Хайнань аралына уча турган бардык каттамдарды чектөөгө алды. Бүгүн Алматы-Хайкоу жана Нур-Султан–Санья багыты менен уча турган каттамдар токтотулду. Буга катар, үчтүн айынын 30на мерчемделген Алматы-Хайкоу рейси да кийинкиге калтырылды. Мындан сырткары Тез Тур туристтик оператору бул багытта уча турган бардык рейстер токтотулганын билдирди. Бардык суроолор боюнча туристтер бул багытка жолдомону сатып алган туристтик операторлорго кайрылышы керек.

Фото: qazaly.kz