Аль-Фараби тарыхый-маданий борбору туристтерди кабыл алууга даяр

Аль-Фараби тарыхый-маданий борбору туристтерди кабыл алууга даяр

Дамасктагы Аль-Фараби тарыхый-маданий борбору туристтер үчүн эшигин кенен ачууга даяр. Мындай чечимге аталган өлкөгө барган казакстандык делегация келди. Белгилей кетсек, улуу ойчулдун 1150-жылдыгына карата ата мекендик делегация маданий борбордун турмуш-тиричилиги менен таанышуу жана алдыга план түзүү, багытын аныктоо максатында шаарга келген.

КАЙРАТ ЛАМА ШАРИФ, РК ТИМ АТАЙЫН ТАПШЫРМАЛАР БОЮНЧА ЭЛЧИСИ:

- Аль-Фараби борборунун имараты Сирияда болгон согушка карабастан жакшы абалында сакталып турат. Туңгуч Президентибиз, Эл башы Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен курулган объектке сириялыктар аяр мамиле кылган. Алдыдагы максатыбыз – имараттын техникалык кырдаалын изилдөө. Майда-чүйдө жумуштардан кийин борбордун ачылуу аземин өткөрүүгө даяр. Ушундай максатта Тышкы иштер министрлигинде сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, Аль-Фарабинин байыркы грек философторунан айырмачылыгы, «адам» түшүнүгүн этникалык чек ара менен чектеген эмес. Ал өзүнүн трактаттарында адамдарды билим менен тааныштыруу мүмкүнчүлүгү улуттук, расалык, коомдук, диний көз караштарга байланыштуу эмес деп ой жүгүрткөн. Улуу ойчулдун философиялык мурасын кенен жайылтуу максатында Дамасктагы Аль-Фараби маданий борборун куруу чечими кабыл алынган. Келечекте имараттын ичинде конференциялар, элдин тарыхы, каада-салттары тууралуу дарстар, ошондой эле казак жана араб тилдеринде курстарды өткөрүү көздөлүүдө.

Фото: kazinform.kz