Абай Кунанбаев жана Аль-Фарабинин мааракелерин өткөрүү боюнча план бекитилди

Абай Кунанбаев жана Аль-Фарабинин мааракелерин өткөрүү боюнча план бекитилди

Казакстанда Абайдын 175 жылдыгы жана Аль-Фарабинин 1150 жылдык мааракеси зор салтанат менен белгиленет. Нур-Султанда мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү келип түшкөн сунуштарды терең талкуулап, маанилүү күндөрдү даярдоо жана өткөрүү мерчемин бекитишти. Мааракелик  жылдын жылнаамасына ар түрдүү өлкөлөрдө өтө турган ондогон иш-чаралар киргизилген. Алардын арасында – Парижде конференция, Кембридж университетинде Абай таануучулар менен жолугушуу, Москванын Чоң театрында «Абай» операсынын спектаклдери бар.  Мындан тышкары, өлкөдө ар кандай көргөзмөлөрдү, фестивалдарды жана таанытууларды өткөрүү каралган. Буга катар Абай жана Аль-Фараби тууралуу документалдуу тасмалар, ошондой эле алардын эмгектери которулуп басылып чыгат.

БЕРДИБЕК САПАРБАЕВ, КРНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Абай эмгектерин бери дегенде 10 тилге которуу каралган. Ошондой эле, шаарыбызга “Абай ааламы” чоң борборун салууну мерчемдеп жатабыз. Ал эми калаа акимчилиги өз каражатына акынга эстелик тургузат. Иш-чараларды уюштурууга мамлекеттик бюджеттен үч миллиарддан ашык теңге бөлүнөт.

КРЫМБЕК  КУШЕРБАЕВ, КРНЫН МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫ:

-Чыгыш Казакстан облусуна Абай районунун инфраструктуралык курулушун жакшыртуу боюнча кошумча иш-чараларды өткөрүүнү тапшырам. Чет өлкөлөрдөгү казакстандык элчиликтер базасында Абай атындагы борборлорду куруу маселесин бышыктоо керек. Нур-Султан, Алматы, Чымкент мындан тышкары облустардын акимдерине мааракени даярдоо жана өткөрүү боюнча аймактык пландарды бекитүүнү тапшырам.

Фото: 24.kz