Аль-Фараби тууралуу даректүү тасма тартылып жатат

Аль-Фараби тууралуу даректүү тасма тартылып жатат

Казакстандык киночулар Насыр аль-Фараби тууралуу тасма тартып жатат. «Устаттын кайтуусу» аттуу эмгек улуу мугалим жана ойчулдун төрөлгөнүнө 1150 жыл толуусуна карай ишке ашууда. Ушул максатта режиссёр Сергей Азимов баштаган чыгармачылык топ Сирияга барып кайтышкан.

СЕРГЕЙ АЗИМОВ, «УСТАТТЫН КАЙТУУСУ» ДАРЕКТҮҮ ТАСМАНЫН РЕЖИССЁРУ:

- Сирияда биз 4 күн болдук. 4 күндүн ичинде алгылыктуу материал тарттык. Согуштун кесепетин сыналгы аркылуу көрүү башка. Ал эми өз көзүң менен көргөндөн алган таасир албетте башкача. Улуу бабабыздын гумманизм тууралуу ойлорун далилдеп көрсөтүү үчүн биз ушул согуш кандай жолго алып барат деп салыштырып көрсөтүшүбүз керек.

Тартуу тобу Дамаскка жасаган сапарында ал жердеги улуттук китепканадан Абу Насыр аль-Фарабинин трактаттарынын кол жазмаларын тапкан. Азыр көчүрмөсүн алуу боюнча келишимдер түзүлүүдө. Жалпы, окумуштуунун ушул күнгө чейин 40 эмгеги жеткен. Ал Аристотелдин эмгектерине түшүндүрмө жазып, аны  өнүктүргөн. Ушундай шарттарда, ал «Адамзаттын экинчи устаты» саналат. Даректүү тасма аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетинин колдоосу менен тартылууда.

ГАЛЫМКАЙЫР МУТАНОВ, АЛЬ-ФАРАБИ АТЫНДАГЫ КАЗУУ РЕКТОРУ:

- Европалыктар аль-Фарабинин эмгектерин окуп, таң калып жатышат. Алардын айтымында, алар чындыгында Аристотелди түшүнүшчү эмес. Аль-Фарабинин жумуштары аркылуу гана ал кандай салым кошконун түшүнүшкөн. Башкача айтканда, ушул эмгектер аркылуу жаңы устатты көрүшкөн.

«Устаттын кайтуусу» аль-Фараби тууралуу алгачкы толук метраждуу даректүү тасма. Жакынкы арада көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат. Авторлор эмгекти телеканалардан көрсөтүп, мектеп, университеттерге таратууну мерчемдеп жатышат.

Фото:info-islam.ru