Казакстан менен Түркияда Аль-Фараби менен Абайдын мааракесине орток саамалыктар уюштурулат

Казакстан менен Түркияда Аль-Фараби менен Абайдын мааракесине орток саамалыктар уюштурулат

Казакстан менен Түркия мусулмандарынын дин башкармалыгынын ортосунда кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлөт. Ушул максатта эки жактуу меморандумга кол коюлуп, Аль-Фараби менен Абайдын мааракесине карай орток илимий конференциялар уюштурулат. Бул тууралуу Анкарада өткөн эки жактуу жолугушууда айтылды. Ошондой эле, эки өлкөнүн дин башкармалыгынын ортосунда кабыл алынган кызматташтык тууралуу эки жактуу келишимдин ишке ашуусу, окуу-агартуу тармактары боюнча имамдардын билими менен тажрыйбасын жогорулатуу, боордоштук байланышты бекемдөө көздөлгөн.

СЕРИКБАЙ АЖЫ, КАЗАКСТАН МУСУЛМАНДАР ДИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Анкарага болгон сапарыбыздын алкагында Түркия мусулмандар дин башкармалыгы менен биргеликте ишке ашырылуучу саамалыктар тууралуу сүйлөштүк. Алардын катарында Аль-Фарабинин 1150 жылдык мааракесине арналган диний-маданий конференция өткөрүү тууралуу сөз болду. Мындан сырткары, Абайдын 175 жылдыгын майрамдоонун алкагында Ислам жана Абай окууларын өткөрүү көздөлүүдө.

Фото: tengrinews.kz