Азербайжан борборундагы Абай атындагы көчө

Азербайжан борборундагы ири көчөлөрдүн бирине 2011-жылы улуу казак акыны Абай Кунанбаевдин ысымы берилген. Казак агартуучусунун урматына эскерүү тактасы да орнотулду. Абайдын 175 жылдыгы белгилене турган жылда бул көчөгө өзгөчө көңүл бурулат. Кеңири аймакты камтыган көчө тургундары улуу акындын чыгармачылыгы менен жакындан тааныш.

ХАГИГАТ КАДИРОВА, КАЛАА ТУРГУНУ

- Абай Кунанбаев - казактын белгилүү акыны. Көчө кимдин ысымы менен аталганын бул жердегилердин баары билет.

КЯМАЛЯ ШЮКУРОВА, ШААР ТУРГУНУ

- Университетте окуп жаткан учурдан баштап Абай Кунанбаев казак адабиятчысы экенин билем. Көчөлөрдүн көбүнчөсү жергиликтүү акындар жана белгилүү инсандардын ысымдары менен аталган. Эскерүү тактасындагы маалыматтын аркасында жаштарыбыз да Абайды билет.

Башка түрк тилдүү өлкөлөрдөгүдөй Азербайжанда да Абайдын 175 жылдыгына кызуу даярдык жүрүп жатат. Ага карата конференциялар менен чыгармачылык кечелерди өткөрүү, китептер менен макалаларды басып чыгаруу көздөлгөн. Бул иш-чаралардын бири Абай атындагы көчөдө өткөрүлмөкчү.

ФИРУЗА АГАЕВА, АБАЙ ТААНУУЧУ АДИС

- Бул көчөдө иш-чара уюштуруу оюбузда бар. Тургундарга кызыктуу болот деп ойлойм. Мындай жөрөлгө журтубузду боордош казак элинин улуу акынынын чыгармачылыгы менен жакындан тааныштыруунун жакшы мүмкүнчүлүгү.

Бул - райондогу эң узун көчөлөрдүн бири. Ал боордош эки эл ортосундагы достуктун белгисине айланды. Улуу акындын ысымы менен бардык тургундар жакындан тааныш.

Фото: Хабар 24