Абайдын эң сүйүктүү оюну – тогуз кумалак

Борбор Азия элдеринин жалпы оюндарынын бири – тогуз кумалак. Бул оюн улуу Абайдын эң сүйүктүү оюндарынын бири болгон. Ал улуттук оюн түрүн даңазалап, атүгүл, атайын мелдештерди да уюштуруп турган. Буга далил катары, шакирттеринин эстеликтери күбө. Аймактын интеллектуалдык коомчулугу тез-тез чогулуп, өз ара мыктысын аныктап турган. Ал тургай, кээ бир оюндар бир нече күнгө созулган деген маалыматтар да бар.

АЛМАХАН МУХАМЕТКАЛИ КЫЗЫ,  АБАЙТААНУУЧУ

- Абай бул тогуз кумалак оюнун өзүнүн алдына келген акын шакирттери менен биргелешип, ал тургай уктабай, күнү-түнү, эки-үч күнгө созуп ойногон деңгээлге чейин жеткен. Өзү абдан кызыгып, жеңмейинче тынбаган оюну болгон.

Улуу акын интеллектуалдык оюндар математикалык ой жүгүртүүлөрдү өнүктүрүүгө жана сабаттуулукту жогорулатууга таасир этет деп эсептеген. Казак жазма адабиятынын негизин түптөөчүсү тогуз кумалактын урматына ыр саптарын да арнаган.

СЕРИК АКТАЕВ, КАЗАКСТАН ТОГУЗ КУМАЛАК ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН БАШКАЫ КАТЧЫСЫ

- Улуу Абай атабыз өзү тогуз кумалакты өздөштүрүп, убагында демөөрчү болгон, уюштуруучу болгон, бардык мекендештерин тогуз кумалак ойноого чакырган. Бүгүнкү күндө изилдөөлөрдүн натыйжасында улуттук оюнубуздун пайдалуу жагын, анын балага бере турган тарбиясын талдап, ушул жылдан баштап көптөгөн иштер жүзөгө ашырылмакчы.

Акынды илимий жаатта изилдеп жүргөн адистер ушундай милдетти алдына коюуда. Эми аны кеңири жайылтып, ошондой эле спорттун бул түрүн арттыруу үчүн өзгөчө форматтагы мелдештер өткөрүлөт. Эң алгачкысы борбордо болуп өттү. Мында биринчи жолу абай таануучулар арасында атайын турнир уюштурулду. 

Фото: e-history.kz